Дүйнөлүк Стандарттар Күнү 2024!

Новости
14-Октябрь 2024-ж.
296
    Ар жылдын 14-октябрында дүйнө коомчулугу Дүйнөлүк Стандарттар Күнүн майрамдап, стандартташтыруунун глобалдык маанисин жана дүйнөлүк экономикага кошкон зор салымын белгилеп өтөт. Бул күндө, коопсуз жана туруктуу келечек куруу багытында иш алып барган адистердин эмгеги таанылып, алардын кесипкөйлүгү жогору бааланат. 
2024-жылы бул салтанат "Жакшы дүйнө үчүн жалпы көз караш: Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн стандарттар" деген ураандын алдында өтөт. Ар бир стандарттын аркасында сапаттуу өнүгүүгө, социалдык теңдикке жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө багытталган максаттар бар. 
Муну дүйнөдөгү алдыңкы үч эл аралык стандартизация уюму – IEC, ISO жана ITU – өздөрүнүн салттуу кайрылуусунда дагы бир жолу белгилеп кетишти. Алардын айтымында, туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн эл аралык стандарттар жана шайкештикти баалоо сыяктуу куралдарды колдонуу абдан маанилүү. 
Мындай интеграцияланган мамиле биздин коомду туруктуу жана адилеттүү кыла алат.
 Кыргызстандан дагы, Кыргызстандарт эл аралык стандарттарды кабыл алуу, улуттук нормаларды дүйнөлүк талаптарга шайкеш келтирүү жана кызыкдар тараптарга так маалымат берүү жаатында активдүү иш алып барууда. Кыргызстандарт энергияны үнөмдөө, суунун жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча маанилүү стандарттарды ишке ашыруу менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө көмөктөшүп келет. 
ISO 9001, ISO 50001 жана ISO 14001 сыяктуу стандарттарды киргизүүдө сапат, энергия жана экологиялык менеджмент тармактарында үзгүлтүксүз жардам көрсөтүүдө. Кыргызстандарттын башкы максаты – улуттук продукциялардын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен, стандарттардын маанисин кеңири жайылтуу. Эл аралык аренада Кыргызстандын атын даңазалап жаткан стандартташтыруу боюнча ишмердүүлүктүн өнүгүшү – өлкөбүз үчүн сыймыктуу иш. Ушул маанилүү күндө бардык стандартташтыруу адистерин чын жүрөктөн куттуктап, аларга иштеги ийгиликтер жана жаңы жетишкендиктер каалайбыз!
 Сиздердин эмгегиңиздер аркылуу дүйнө туруктуу жана коопсуз келечекке багыт алууда! 

Онлайн кайрылуу