Экономика министрлиги Баткен облусунун экономикасынын бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча активдүү ишин улантууда

Новости
14-Октябрь 2024-ж.
216

Бүгүн, 2024-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов "Баткен 2024" Инвестициялык форумуна катышты.

Өз сөзүндө Чоро Сейитов Баткен облусунун экономикалык өсүшүн стимулдаштыруу жана инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү чаралардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Экономика жана коммерция министрлиги аймактагы негизги тармактарды, атап айтканда, энергетика, туризм, айыл чарба өндүрүшү, өнөр жай, транспорттук логистика жана эл аралык жүк ташууларды колдоо боюнча стратегияны активдүү иштеп чыгууда.

 Форумдун негизги багыттары Баткен облусунун узак мөөнөттүү өнүгүү келечегин талкуулоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселелерине арналды.

 Чоро Сейитович аймактын өнүгүүсү жаңы баскычта турганын белгилеп, бул өнүгүү экономиканын ар кандай чөйрөлөрүндө маанилүү демилгелерди ишке ашырууга жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого шарт түзөрүн айтты. "Баткен 2024" форуму аймактын өнүгүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоо, ишкер байланыштарды кеңейтүү жана Баткен облусунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган жаңы долбоорлорду түзүү үчүн уникалдуу платформа болду. 

Форумдун катышуучулары бул баскыч аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, чет элдик инвестицияларды тартууга жана Баткен облусунун эл аралык деңгээлдеги позицияларын чыңдоого стимул болоруна ишенимин билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги Баткен облусунун бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барууну улантууда. Бул узак мөөнөттүү келечекте аймактын экономикалык базасын чыңдоого жана анын жашоочуларынын бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. 

Онлайн кайрылуу