Кыргызстанда Түркиялык блогерлердин жарнамалык туру өттү

Новости
11-Октябрь 2024-ж.
1340

Кыргызстандын туризмин өнүктүрүү максатында Түркиянын алдыңкы блогерлери үчүн жарнамалык тур уюштурулду.
 
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү Түркиядагы КР Элчилиги менен биргеликте бул турду туристтик байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанды Түркия элине таанытуу максатында уюштурушту.
 
 Сапардын алкагында блогерлер өлкөнүн кооз жерлерине, анын ичинде Ысык-Көл облусуна, Боом капчыгайына, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына барышып, Кыргызстандын жаратылышы тууралуу өз таасирлерин бөлүшүштү. Ошондой эле, алар Кыргызстандын маданияты жана улуттук ашканасы менен таанышышты.
 
Мындан тышкары, блогерлер "Манас" эл аралык аэропортунун VIP-залы, Токмок жана Балыкчы темир жол станциялары, "Мегаком" уюлдук оператору сыяктуу мамлекеттик объекттерге барышты. Алар үчүн поезд менен тааныштыруу сапары да уюштурулуп, алар сервистин жогорку деңгээлин белгилешти.
 
Бул жарнамалык тур Кыргызстандын туризмин жана экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Сапардын жыйынтыгында түрк блогерлери өз таасирлерин миллиондогон жазылуучулары менен бөлүшүп, бул Кыргызстанга туристтерди тартууга шарт түзөт. Алардын жарыялары жалпы 100 миллионго жакын көрүүлөрдү топтогон.



Онлайн кайрылуу