Министрлер кабинетинин Токтому менен транспорт каражаттарын кайра каттоо жана милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

Новости
11-Октябрь 2024-ж.
1404

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 8-октябрындагы токтому менен 2024-жылдын №609 транспорт каражаттарын кайра каттоо жана милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди.


Тактап айтканда, транспорт каражаттарын кайра каттоодо (сатып алуу-сатууда) камсыздандыруу полисин берүү талабы жокко чыгарылды. 


Ошондой эле автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. 


Эми унаанын жаңы ээси камсыздандыруу полисин өзүнүн атына жарактуу мезгилде кайра жазууга укуктуу. КР КМ токтомуна шилтеме https://www.gov.kg/ru/npa/s/4597


Онлайн кайрылуу