Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты байланыштыруучу көпүрө: Германия менен кызматташуунун жаңы горизонту

Новости
10-Октябрь 2024-ж.
1462

2024-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-немис бизнес форумуна жана ишкердик кеңешинин жыйынына катышты.

 Министр өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасынын кызматташуу келечектери жана немис инвесторлору үчүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ал экономиканы жана мамлекеттик башкарууну модернизациялоого багытталган реформалар жөнүндө айтып, өлкөнүн экономикалык өсүшүндө маанилүү ролду ойноочу тоо-кен тармагына инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 Кыргызстан Германия менен чийки зат өндүрүү тармагында активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. 

Бул Европа Биримдигинин ресурстар менен камсыздоо саясатынын алкагында өзгөчө актуалдуу болуп саналат. 

Өлкөдө 100дөн ашуун ар кандай чийки зат кендери бар, немис компанияларына экологиялык нормаларга жооп берген заманбап технологияларды колдонуп, кен иштетүү укугу боюнча аукциондорго катышуу сунушталды. 

Амангелдиев транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлору, анын ичинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу жана Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыктын транспорттук коридорлору жөнүндө айтып берди. Министр транспорттук маршруттарды диверсификациялоо жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштерди белгилеп өттү. 

Мындан тышкары, ири маркетплейстерди тартуу жана бонд зоналарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди. Министр Кыргызстанды Борбордук Азиядагы маанилүү транзиттик борбор деп баса белгилеп: «Деңизге түз чыга албаганыбызга карабастан, биздин аймак аркылуу байыркы замандардан бери Улуу Жибек жолу өтүп, Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырып келген.

 Ошондуктан, бизди “Land connecting” – жерлерди бириктирүүчү өлкө деп атоого толук негиз бар», – деп айтты. Министр Германиянын логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө катышуусуна кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле, Германиянын бизнес колдоо программалары боюнча ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен, "Кыргыз экспорт" борбору менен бир катар багыттар боюнча кызматташуу сунушталды.

Онлайн кайрылуу