Басма сөз билдирүү: 2024-жылдын 12-октябрында КР ЭКМнин 100 жылдыгына карата дарак отургузууну өткөрөт

Новости
10-Октябрь 2024-ж.
1574
2024-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына карата дарак отургузууну өткөрөт.

Бул иш-чара биздин, Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери үчүн, туруктуу өсүүнүн жана жашыл экономикага өтүүгө умтулуубуздун символу. Иш-чарага Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык донорлор жана дипломатиялык миссиялар катышат.

Дарактар тамыр жайып, өсүш үчүн убакытты талап кылган сыяктуу эле, биздин экономикабыз да узак мөөнөттүү инвестицияларды жана стратегиялык өнүгүүнү талап кылат. Жашыл экономикага өтүү — келечек муундардын туруктуу гүлдөп-өнүгүүсүн камсыз кылуунун ачкычы. Биз менен бирге болуп, Кыргызстанды экологиялык таза жана жашыл келечекке жеткирүүгө салым кошуңуз! 

Өткөрүү жери: “Ынтымак” паркы жана Абдырахманов көчөсүнүн Ахунбаев жана Суюмбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси  Убактысы: 11:00.

Онлайн кайрылуу