Экономика жана коммерция министринин орун басары Эл аралык ислам соода-финанс корпорациясынын башкы директору менен жолукту

Новости
08-Октябрь 2024-ж.
1722

2024-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов менен Эл аралык ислам соода-финанс корпорациясынын башкы директору жана Ислам жеке секторун өнүктүрүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу мырза Хани Салем Сонболдун онлайн жолугушуусу өттү.
 
Жолугушууда тараптар жашыл демилгелерди кеңейтүү, жеке секторду колдоо, чакан жана орто ишканаларга көмөк көрсөтүү, ислам финансылоосу, азык-түлүк коопсуздугу, инфраструктураны өнүктүрүү жана экспортту илгерилетүү сыяктуу негизги багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында, жогорудагы корпорациялардын өкүлдөрүнүн Бишкек шаарына иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Онлайн кайрылуу