Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Гюльшат Асылбаева гендердик теңчилик маселелерин илгерилетүү боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын Диалог форумуна катышты

Новости
07-Октябрь 2024-ж.
1717

2024-жылдын 3-4-октябрында Бишкек шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын Диалог форуму болуп өттү. Бул Кыргыз Республикасы төрагалык кылып жаткан экинчи жыйын болду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрага орун басары Жамиля Исаева, Министрлер Кабинетинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азиядагы Превентивдик дипломатия боюнча регионалдык борборунун (РЦПДЦА) башчысы Кахи Имнадзе, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаева жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Форумда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын Диалогу өзүнүн ишмердүүлүгү жылдарында гендердик теңчилик маселелерин ар тараптуу талкуулоо жана аялдардын өнүгүүсүн колдоо максатында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгуучу натыйжалуу регионалдык платформага айлангандыгы белгиленди.

Иш-чарага катышкан 100дөн ашуун адам, анын ичинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын эксперттери, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын тынчтыкты, кызматташтыкты жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө олуттуу катышуусу боюнча мамлекеттер аралык жана саясий процесстерге сунуштоо үчүн зарыл чараларды жана сунуштарды иштеп чыгууга салым кошту.

Форумдун алкагында аймактык жана улуттук деңгээлде кызматташтыкты камсыздоо боюнча артыкчылыктуу аракеттерге арналган жогорку деңгээлдеги пленардык сессия болуп өттү. Сессияга Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын делегация башчылары, ошондой эле эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Эксперттик талкуулардын жыйынтыктары боюнча катышуучулар тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөдө аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча комплекстүү ишти улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү суу ташкындары сыяктуу кризистик кырдаалдардын кесепеттерин жеңүү үчүн трансчек аралык суу ресурстарын башкаруунун инновациялык чечимдерин гендердик көз караштарды эске алуу менен иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Онлайн кайрылуу