Физикалык жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана амнистия берүү мөөнөттөрү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылды

Новости
04-Октябрь 2024-ж.
3332

Активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын жарандарына өз активдерин декларациялоо процессин улантууга кошумча убакыт берет. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жарандарды бул Мыйзамда каралган бардык артыкчылыктарды колдонууга чакырат. Эске салсак, 2023-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын "Физикалык жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана амнистия берүү жөнүндө" Мыйзамы күчүнө кирген. Мыйзамдын максаты – жарандардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, аларга мамлекеттик колдоо жана коргоо көрсөтүү. Мыйзам физикалык жактарга өз активдерин ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Декларация 2023-жылдын 1-январына карата болгон активдерди, анын ичинде башка адамдарга катталган же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан активдерди камтыйт. Декларант өз активдеринин сакталышына жана мамлекеттик органдар тарабынан декларация берүүгө чейинки мыйзам бузуу фактылары үчүн куугунтукка алынбоого кепилдик алат. Мындан тышкары, Мыйзамда бирдиктүү салык декларацияларынын жоголгон учурда мурдагы активдер декларанттын чечими боюнча атайын декларацияга кайра киргизилиши мүмкүн экени белгиленген. Мыйзамга каршы келген башка укуктук ченемдер декларация берген адамга каршы колдонулбайт.

Онлайн кайрылуу