Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү аракети Ош облусундагы бизнес-чөйрөнү жакшыртмакчы

Новости
10-Декабрь 2015-ж.
2103

""Ош облусундагы бизнес чөйрөнү жакшыртуу максатында айымдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жолдору 11-декабрда АКИпресс-Оштогу маалымат жыйындын жүрүшүндө талкууланды.

Катышышты:

- Экономика министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгынын башчысы Маматов Искандербек Батырбекович;

- Бизнес-пландоо боюнча окутуучу Камалов Залкар;

- Окутуучу курстарынын катышуучусу, ишкер Козубаева Каныкей.

2014-жылдан тартып Азия өнүктүрүү банкы аркылуу берилген Япониянын жакырчылыкты кыскартуу фондунун каражаттарына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги «Айымдар ишмердүүлүгүн өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырып келет.

Аталган долбоор Кыргызстандын айыл жергесиндеги жана кичи шаарларындагы айымдардын ишмердүүлүгүн колдоого багытталган.

Бул окутуунун жүрүшүндө Ош облусунда чакан бизнес менен алектенген айымдар каржылык сабаттуулук, бизнес-пландоо боюнча билим алып, кирешени көбөйтүү жолдорун үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Өткөрүлгөн семинарлар, окутуулар айыл жергесиндеги айымдарга өз лидерлик сапатын жакшыртууга жана өз бизнесинин туруктуулугу, өсүүсү үчүн финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жол берди. Окуудан өткөн ишкер айымдар алынган билимин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кызмат өндүрүү жана соода жаатында колдонушту.

Экономика министрлиги айымдардын ишмердүүлүгүн мындан ары да өнүктүрүүгө даяр. Бул максатта финансылык шериктеш уюмдардын 100 кызматкерин жана өлкөнүн бардык аймактарындагы 300 ишкер айымды окутуу пландаштырылган.

Ишкер айымдар үчүн окутуулар Баткен шаарында 7-9-декабрда, Ош шаарында 11-13-декабрда жүргүзүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу