Жаңы социалдык-экономикалык өнүгүү методологиясы: Жалал-Абад жана Талас облустарынын кызматкерлери үчүн натыйжалуу пландоо боюнча окуу

Новости
01-Октябрь 2024-ж.
3885

2024-жылдын 26-августунан 2-октябрына чейин Жалал-Абад жана Талас облустарында шаарлардын, айыл аймактарынын жана райондордун социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жаңы методологияга ылайык, айыл аймактарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери үчүн окуу семинарлары өткөрүлдү.

 Семинарлар Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы тарабынан Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен уюштурулуп, катышуучулар социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.

 Тренингдин катышуучуларына жаңы методологиянын артыкчылыктары жана социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу процессин автоматташтыруу тууралуу маалымат берилди. 

Эскерте кетсек, методология Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Дүйнөлүк Банк менен биргеликте иштелип чыккан «Экономикалык өсүш үчүн натыйжалуу башкаруу» (EGED) долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Ал 2024-жылдын 19-февралындагы №01 буйругу жана 2024-жылдын 9-апрелиндеги №32 Экономика жана коммерция министрлиги менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен буйругу менен бекитилген.

 Методологиянын максаты — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана райондук мамлекеттик администрацияларды «Санарип Аймак» тутумунун маалыматтарына таянуу менен социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү инструменттер менен камсыз кылуу.

Онлайн кайрылуу