Министрдин орун басары Кытай өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик Комитетинин делегациясы менен жолугушту

Новости
27-Сентябрь 2024-ж.
1177

2024-жылдын 26-сентябында экономика жана Коммерция министрлигинин аянтчасында министрдин орун басары Искендер Асылкуловдун Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана инвестицияларды чет өлкөлөрдө берүү боюнча департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа айым баштаган делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн рекорддук өсүшүн ырасташты. 2024-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү өсүүнү улантып, 3 млрд.613,1 млн. АКШ долларын түздү жана 2023-жылга салыштырмалуу 33,3% дан ашык өстү.

Туризм жагында ошондой эле Кыргыз Республикасы ландшафттардын жана климаттык шарттардын ар түрдүүлүгүнөн улам бардык сезондук туризм үчүн потенциалга ээ экендиги маалымдалды, бул аны кышкы жана жайкы эс алуунун түрлөрү үчүн жагымдуу багыт кылат.

Буга байланыштуу белгиленгендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда тоо лыжа кластерин, спорттук комплекстерди, болжол менен 32 реабилитациялык-ден соолукту чыңдоочу курортторду, чакан аэропортторду жана 2 млрд. доллардан ашык суммадагы глемпингдерди түзүүдө келечектүү долбоорлор иштелип чыкты. Кыргызстандагы туризм тармагындагы эң дымактуу долбоорлордун бири – “ Үч Чоку” туристтик кластери. 

Департаменттин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа айым кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитеттин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана өнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын ишин активдештирүүнү макулдашышты.


Онлайн кайрылуу