Экономика жана коммерция министри Немис туристтик ассоциациясынын делегациясы менен жолугушту

Новости
27-Сентябрь 2024-ж.
1227
2024-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Немис туристтик ассоциациясынын (DRV) президенти Норберт Фибиг баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү перспективалары, анын ичинде тоо лыжа курортторун, спорт комплекстерин жана реабилитациялык борборлорду ишке ашыруу долбоорлору талкууланды. «Байтик Маунтин Резорт», «Үч чоку» жана «Чаткал Резорт» долбоорлору өзгөчө белгиленди. 
Норберт Фибиг Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, 2025-жылы өтө турган эл аралык «Destination Forum» форумун уюштуруу пландары жөнүндө маалымат берди. 
Министр форумду колдоого даяр экенин билдирип, анын немис туристтерин тартуу жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Маалымат үчүн: Немис туристтик ассоциациясы (DRV) 3000ден ашык компанияны бириктирет жана Германиянын туристтик тармагынын 90% кирешесин камсыз кылат.


Онлайн кайрылуу