Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны ишке ашырууга чоң салым кошкон мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлери сыйланды

Новости
27-Сентябрь 2024-ж.
1296

2024-жылдын 27-сентябрында Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан администрациялык-аймактык реформаны ишке ашырууга зор салым кошкон жана “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн” майрамдоого арналган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын айрым кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. 

КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Ал белгилегендей, “Кыргыз Республикасынын тарыхында административдик-аймактык реформа (ААР) өтө көйгөйлүү маселе болгон жана көп жылдар бою ишке ашкан эмес. Өлкө Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун чечкиндүү жана эрктүү кадамдарынын натыйжасында жана сиздер менен биргеликте административдик-аймактык реформанын биринчи этабын ишке ашыра алдык. Албетте, жүргүзүлүп жаткан реформалар башынан эле оң натыйжаларды бере тургандыгынан алыспыз, бирок ошого карабастан реформаны кабыл алган аткаруу органдары өз ишин улантып, калкка кызмат көрсөтүшүүдө.

2024-жылдын августундагы сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, респонденттердин 8% ААРден кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар кыйла жакшырганын, 25% жакшырганын жана респонденттердин 57% мурункуга караганда өзгөргөн жок деп айтышкан. Бул көрсөткүчтөр административдик-аймактык реформа өз жемишин берип жаткандыгын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун үстүндө иштөө керектигин билдирет. 

Биз Административдик-аймактык реформанын биринчи этабын ишке ашырдык жана сурамжылоонун дагы бир пунктунда “ААРди райондук жана облустук деңгээлде улантууну колдойсузбу” деген суроого респонденттердин 68%  ооба деп жооп беришти.  Ошондуктан, урматтуу бүгүнкү салтанаттуу жыйындын катышуучулары, сыйлыктын лауреаттары сиздер менен бирге административдик-аймактык реформанын кийинки этаптарын ишке ашырууга үмүттөнөбүз.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Джолдошевич Амангелдиевдин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди бүгүн алган сыйлыктарыңыз менен чын дилимден куттуктайм.  Ар дайым ишинизде ийгилик болсун, ден соолукта болунуз. Эмгегиңиз, жараткан ийгиликтериңиз кыргыз мамлекетибиздин бакубат келечеги үчүн кызмат кылсын!",- деп сөзүн аяктоону каалады Ч.Сейитов.

Андан ары сыйлык тапшыруу болду. (Тизме тиркелет)


Онлайн кайрылуу