Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча эксперттик топтун отуруму болуп өттү

Новости
27-Сентябрь 2024-ж.
1255

2024-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Назарбек Малаевдин төрагалыгы алдында 2023-2024-жж. сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын изденип алуу конкурсунун катышуучуларын баалоо боюнча Эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №645 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Сапат броюнча сыйлыктарын ыйгаруу үчүн төмөнкү номинациялар боюнча конкурс жарыяланды:

-өндүрүштүк багыттагы продукция жана элдик керектөө товарларын өндүрүү;

-азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукциясын өндүрүү;

-кызмат көрсөтүүлөр.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча конкурстун катышуучулары боюнча эксперттик топтун мүчөлөрүнүн корутундулары жактырылды.


Онлайн кайрылуу