И.Раззаков атындагы КМТУ базасында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

Новости
25-Сентябрь 2024-ж.
968

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында 2024-жылдын 25-сентябрында «Кыргыз Республикасында стандартташтыруу, метрология жана техникалык жөнгө салуу системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү» деген темада илимий-практикалык конференция болуп  өттү. 

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине  караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору менен биргеликте демилгеленген жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Студенттерге жана окутуучуларга өлкөдөгү техникалык жөнгө салуунун өнүгүү этаптары, мыйзам базасынын учурдагы абалы жана бул багыттагы жетишкендиктер, өнүгүү перспективалары жөнүндө презентациялар тартууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн шарттарында техникалык жөнгө салуу жана метрология жөнүндө маалымат берилди.

Онлайн кайрылуу