Кыргыз Республикасындагы Бельгия – Люксембург бизнеси

Новости
25-Сентябрь 2024-ж.
303

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясы менен бирдикте европалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү максатында Бельгия-Люксембург соода палатасынын (БЛТП) Кыргыз Республикасына визитин уюштурду. 

2024-жылдын 24-сентябрында министрдин орун басары Санжар Болотовдун бизнес-делегация менен жолугушуусу болуп, анда С.Болотов ыңгайлуу шарттарга жана бизнести колдоо программаларына көңүл буруу менен Кыргыз Республикасында ишкердикти жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

БЛТП өкүлдөрү жогорку кызыгуусун билдирип, өнөр жай, айыл чарба жана туризм сыяктуу секторлордогу биргелешкен потенциалдуу долбоорлорду талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бизнес-делегация келечектүү биргелешкен өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгууга даярдыгын билдирди. Тараптар эки тарап үчүн тең пайдалуу болушу мүмкүн болгон демилгелердин үстүнөн иштөөгө макул болушту.

Иш сапарынын алкагында БЛТПнын өкүлдөрү башка мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашы күтүлүүдө.

Онлайн кайрылуу