Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралар

Новости
24-Сентябрь 2024-ж.
1449

2024-жылдын 24-сентябрында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология  башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу   Стандартташтыруу жана метрология борбору менен биргеликте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурган  «Кыргыз Республикасындагы стандартташтыруу, метрология жана техникалык жөнгө салуу системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты. 


Өлкөдө техникалык жөнгө салуунун өнүгүү этаптары, мыйзамдык базанын учурдагы абалы жана бул багыттагы жетишкендиктер, өнүгүү перспективалары боюнча презентациялар тартууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн шарттарында техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча маалымат берилди.


Иш-чарага жогорку окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышып, суроо-жооп иретиндеги  талкуу активдүү болуп өттү.

Онлайн кайрылуу