Ош шаарынын жана Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн багыттары жана аракеттери жөнүндө илимий-практикалык конференция болуп өттү

Новости
23-Сентябрь 2024-ж.
1240

Ош мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана менеджмент институнда  Кыргыз Республикасынын экономика системасындагы органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына  карата  “Ош шаары жана Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү багыттары  жана иш-аракеттери” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.  Конференция КР экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык  башкармалыгынын  Ош шаары жана Ош  аймактык  бөлүмү   менен  Ош мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана менеджмент институту    тарабынан  уюштурулду.  Конференцияга  КРнын  Президентинин   Ош облусундагы ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн  аппаратынан, Ош шаардык мэриясынан,  Ош шаардык салык кызматынан   өкүлдөр  жана  башка экономика тутумундагы  мамлекеттик  органдар , Ош мамлекеттик университетинин илимий иштери боюнча проректору Р.Араппаев  баштаган  илимий-педагогикалык курамы  катышышты.  Конференциянын жүрүшүндө  төмөнкү темалар  боюнча  презентациялар  кызыктуу талкуу жана  суроо-жооп менен өттү: 1. Т. Чоңмурунов - Кыргыз Республикасын экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын  Ош шаары жана Ош аймактык бөлүмүнүн башчысы – “Өткөөл мезгилдин шартында жана бүгүнкү  күндөгү экономика тармактарынын өнүгүшү”; 2. Абдрай уулу А. –  Ош шаардык салык кызматынын кызматкери, “Салык кодексиндеги өзгөрүүлөр жана бүгүнкү күндөгү салык саясаты”; 3. М.Мурзабаев  - Ош шаары жана Ош аймактык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси “Мамлекет тарабынан ишкердикти колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер”; 4. С. Макыев-э.б.и.д.: “КРнын өнүгүүсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын орду жана келечеги”; 5. К.Токторов –э.б. и.д., Ош МУнун “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын профессору”: “Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө окуу жайлардын илимий потенциалын колдонуу”.

Онлайн кайрылуу