21-сентябрда Сиань шаарынын борборунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаевдин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан уруксат берилген “Кыргыз Республикасынын Соода павильонунун” расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Соода павильонунун аймагында кыргыз продукциясы оффлайн форматта гана эмес, ошондой эле Douying, Wechat жана Pingduoduo сыяктуу маркетлейстерде онлайн сатуу жолу менен туруктуу негизде сатылат.
Соода үйүнүн жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт жана Сиань шаарынын борборунда жайгашкан.
Бул соода павильону кытайлык керектөөчүлөр үчүн Кыргыз өндүрүүчүлөрү менен түз байланыш түзүүдө платформа катары кызмат кылат. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө дем берет жана кытайлык керектөөчүлөрдү кыргыз продукциясы менен тааныштыра алат.