Кытай Эл Республикасы (Шэньси) жана Кыргыз Республикасы ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча бизнес-форум

Новости
21-Сентябрь 2024-ж.
336

21-сентябрда Сиань шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев жана Шэньси провинциясынын губернатору мырза Чжао Гандын катышуусу менен Кытай Эл Республикасы (Шэньси) жана Кыргыз Республикасы ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча бизнес-форум өттү.


Бул бизнес-форумду Шэньси провинциясынын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Сиань шаарынын Элдик өкмөтү жана Кытайдагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин соода өкүлчүлүгү уюштурду.


Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында өнөр жай, туризм, транспорт жана айыл чарба тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана долбоорлор сунушталды.

Онлайн кайрылуу