Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Новости
20-Сентябрь 2024-ж.
224

2024-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов, министрликтин өкүлдөрү, коноктор жана өлкөнүн ишкерлери катышты.


Министрдинбиринчи орун басары Чоро Сейитов чогулгандарга кайрылып, бардык ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баса белгиледи:  


«Урматтуу ишкерлер, коноктор жана кесиптештер! Экономика жана коммерция министрлиги жана өз атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Биз жыл сайын 20-сентябрда өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө жана гүлдөп-өнүгүшүнө өз салымын кошкон ишкерлерибизди сыймыктануу менен белгилеп келебиз.


Быйылкы иш-чарада мыкты ишкерлерди сыйлоонун алкагында биз Кара-Кыргыз автономия облусунун 100 жылдыгын жана Экономика министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын да белгилеп жатабыз, бул иш-чараны өзгөчө маанилүү кылат. Сиздердин ар бириңиздер жалпы ишке чоң салым кошуп жатасыздар. Сиздердин дем-күчүңүздөр жана демилгелериңиздер бизге реформаларды илгерилетүүгө жана туруктуу өсүштү камсыздоого жардам берип жатат.


Министрлик ар дайым ишкерчиликти колдоого жана анын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр. Биз бизнес климатты жакшыртууга, административдик жол-жоболорду жеңилдетүүгө жана каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган программаларды ишке ашырып жатабыз. Сиздердин пикирлериңиздер жана сунуштарыңыздар биз үчүн өтө маанилүү. Ишенем, биз мыйзам демилгелерин жана өнүгүү программаларын иштеп чыгууга сиздерди тартуу менен тыгыз кызматташуубузду улантабыз.


Январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн ИДӨ 797,7 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6% өсүшкө жетишти. Өнөр жайда, айыл чарбасында, курулушта жана кызмат көрсөтүү тармагында оң динамика байкалууда. Бул жетишкендиктер дүйнөдөгү татаал геосаясий кырдаалга карабастан, сиздердин эмгегиңиздердин аркасында мүмкүн болду.


Министрликтин атынан сиздердин ишке болгон берилгендигиңиздерге, өжөрлүк жана кайраттуулугуңуздарга ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерде мындан аркы ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бизнесиңиздердин гүлдөп-өнүгүшүн каалайм! Майрамыңыздар менен, урматтуу ишкерлер!» — деп белгиледи Чоро Сейитов.


Куттуктоо сөзүнөн кийин өзгөчөлөнгөн ишкерлерди сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Онлайн кайрылуу