Санжар Болотов: биз өз ара пайдалуу кызматташууга ачыкпыз жана инвесторлор үчүн уникалдуу шарттарды сунуштоого даярбыз

Новости
20-Сентябрь 2024-ж.
174


Бүгүн, 2024-жылдын 20-сентябрында, Кытай Эл Республикасы (Шэньси) менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча бизнес-форумда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор боюнча презентация жасады.


Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн кызматташтыгынын стратегиялык маанисин баса белгилеп, форумдун катышуучуларын Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги секторлоруна инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

«Кыргыз Республикасы зор инвестициялык потенциалга ээ, айрыкча энергетика, логистика жана өнөр жай тармактарында. Биз өз ара пайдалуу кызматташууга ачыкпыз жана инвесторлорго уникалдуу шарттарды, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди жана капиталды коргоо кепилдиктерин сунуштоого даярбыз», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.


Санжар Болотов өлкөнүн ИДПсынын туруктуу өсүшүн белгилеп, өнөр жай кооперациясынын келечеги, логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жана энергетика жана туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө кеңири айтып берди.


Онлайн кайрылуу