И. Нааматов атындагы НМУда Кыргыз Республикасынын экономикалык системасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция

Новости
19-Сентябрь 2024-ж.
190

2024-жылдын 18-сентябрында И. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Нарын облусунун экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги. Өнүгүү багыттарына илимий көз караштар» деген темада илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Конференция Кыргыз Республикасынын экономикалык системасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында өткөрүлдү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмү жана И. Нааматов атындагы НМУ уюштурду. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, анын ичинде Нарын облусунун статистика башкармалыгы, Улуттук банк, Финансы министрлиги, Салык кызматы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле иш-чарага Нарын облусунун «Теңир Тоо» өнүктүрүү фонду, Туризм ассоциациясы жана университеттин илимий-педагогикалык курамынын өкүлдөрү катышты. Конференциянын негизги темалары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайындагы инновациялык ыкмалар, туризмдин жана санариптик экономиканын өнүгүүсү, ошондой эле Нарын облусунун экологиялык маселелери болду. Иш-чаранын алкагында бир катар докладдар жана презентациялар тартууланды: 1. Улан Алыбаев (КР ЭКМ аймактар аралык башкармалыгынын башчысы) – «2024-жылдын 8 айындагы Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү»; 2. Эрик Исраэль (экономика илимдеринин кандидаты) – «Санариптик экономиканын келечеги жана көйгөйлөрү»; 3. Динара Бекирова (экономика илимдеринин кандидаты) – «Айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын кластерлештирүү»; 4. Сюита Аттокурова (чет тилдер кафедрасынын окутуучусу) – «Нарын шаарындагы конок үйлөрүнүн ишин баалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу»; 5. Сайрагүл Оторова (техникалык илимдердин кандидаты, доцент) – «Нарын дарыясындагы суунун сапатын изилдөө (агынды суулар) жана антропогендик өзгөрүүлөрдүн таасири»; 6. Айзат Ырыскелдиева (экономика, туризм жана менеджмент кафедрасынын улук окутуучусу) – «Нарын районунда жана Нарын шаарында социалдык жардам катары 100 миң сом алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишмердүүлүгүн мониторинг кылуу»; 7. Айгүл Сарбагышова (экономика илимдеринин кандидаты) – «Айыл аймактарын өнүктүрүү, Нарын облусунун аймактарын жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртуунун фактору катары». Конференциянын жыйынтыгында илимий жана практикалык сунуштардын негизинде аймактын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган резолюция кабыл алынды.

Онлайн кайрылуу