Кытай Эл Республикасы менен 200 миллион юань өлчөмүндөгү гранттык каражаттарды бөлүү тууралуу Макулдашууга кол коюлду.

Новости
19-Сентябрь 2024-ж.
264


2024-жылдын 19-сентябрында Пекин шаарында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 200 миллион юань өлчөмүндөгү гранттык жардам көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.

Кыргыз тараптан Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Торобаев Б.Э. кол койду. Кытай тараптан Макулдашууга Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй мырза кол койду.

Бөлүнгөн гранттык каражаттар негизги приоритеттүү багыттардагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

Онлайн кайрылуу