К.И. Скрябин атындагы КУАУнин экономика жана менеджмент факультетинин студенттери жана окутуучулары үчүн “Кыргыз экономикасынын өнүгүү этаптары” мейман лекциясы болуп өттү

Новости
17-Сентябрь 2024-ж.
172

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө менен бирге бардык мамлекеттик жогорку окуу жайларында аталган министрликтин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чараларды уюштурду.


Бул иш-чаранын алкагында, 2024-жылдын 17-сентябрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ) КР ЭКМнин макроэкономикалык саясат башчысы Алмаз Абдекировдун катышуусу менен меймандык лекция болуп өттү.


А.Абдекиров К.И.Скрябин атындагы КУАУнун экономика жана менеджмент факультетинин студенттери жана окутуучулары үчүн “Кыргыз экономикасынын өнүгүү этаптары” атту лекция окуп, түшүндүрүп берди.  Башында, экономика жана менеджмент факультетинин деканы Т. Жумалиев, факультеттин өнүгүү тарыхын жана учурдагы абалы боюнча презентация аркылып, жалпы маалымат берди.

Онлайн кайрылуу