Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны өттү

Новости
18-Сентябрь 2024-ж.
324

2024-жылдын 18-сентябрында Бээжин шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны болуп өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытай Эл Республикасынын соода министринин орун басары, эл аралык соода сүйлөшүүлөрүндө Кытайдын өкүлүнүн орун басары Лин Цзи тарабынан жетектелди. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да катышты.
 
 

Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, айыл чарбасында, кен иштетүүдө жана кайра жаралуучу энергия булактарында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. 

Жыйындын жыйынтыгы боюнча кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган протоколго кол коюлду. Тараптар Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында активдүү кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты.


Онлайн кайрылуу