Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана мамлекеттик органдардын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Ысык-Көл облусунда илимий-практикалык конференция болуп өттү

Новости
17-Сентябрь 2024-ж.
232

2024-жылдын 17-сентябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Ысык-Көлдүн биосфералык аймагындагы экономикалык процесстердин өзгөчөлүктөрү жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү орто мөөнөттүү артыкчылыктар” темасындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. 


Бул иш-чара К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин (ЫМУ) базасында уюштурулуп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана экономика тармагындагы мамлекеттик органдардын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналды. Иш-чаранын демилгечилери болуп КР ЭКМ Региондор аралык башкармалыгы жана К. Тыныстанов атындагы ЫМУ саналат. 


Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө экономика жаатында иштеген мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, аталган жогорку окуу жайдын илимий кызматкерлери Ысык-Көл облусун, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча тийиштүү докладдар менен чыгып сүйлөштү, ошондой эле студенттердин катышуусу менен талкуулашты. 


Ошентип, Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан өлкөнүн жана Ысык-Көл облусунун банк тутумунун түзүлүшү тууралуу кеңири маалымат берилди.


Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол шаардык финансы башкармалыгы тарабынан Каракол шаарынын өсүү чекити катары калыптанышы жөнүндө баяндама жана презентация сунушталды, ошондой эле Каракол шаарын өнүктүрүүнүн алкагында мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттарга дыкат талдоо жүргүзүлдү.


Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы тарабынан биосфералык аймактын экономикалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берилген, региондун экономикалык жана экологиялык тутумун туруктуу өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат белгиленген.


Иш-чаранын жүрүшүндө К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскарбек Иманбеков белгилегендей, “Университеттин базасында илимий-практикалык конференция өткөрүү - символикалык мааниге ээ, Касым Тыныстанов - кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири.   Өлкөнүн өнүгүүсүнүн күн тартибинде турган актуалдуу экономикалык маселелерди чечүү үчүн аймактык жогорку окуу жайларынын илимий потенциалы менен экономика чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган иштерди улантуу зарыл, - деп билдирди ректор А.Иманбеков.


Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан ар кандай сунуштар, идеялар айтылды, алар практикалык колдонуу үчүн протокол түрүндө белгиленди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондор аралык башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн башчысы Улан Мурадылов Ысык-Көл облусунун аймагында болуп жаткан макроэкономикалык процесс боюнча конференциянын катышуучуларын кызыктырган суроолорго жооп берди.




Онлайн кайрылуу