Этке болгон баа маселесин жана базарларда бааларды текшилөө боюнча мындан аркы иш-чараларды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өттү

Новости
16-Сентябрь 2024-ж.
365

Бүгүн, 2024-жылдын 16-сентябрында монополияга каршы чара көрүүнүн алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында этке болгон баа маселелерин, көйгөйлүү жерлерди жана бул рынокто бааларды текшерүү, мындан аркы иш-чараларды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.  


Жыйынга “Умай групп”, “Азия Ритейл”, “Азия Ритейл”, “Bimar”, “Шекер” жана “Боорсок” сыяктуу ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү катышты.   


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, кызматтын ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 ”Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Токтомуна ылайык эттин өзгөчө маанилүүлүгүн эске алуу менен соода түйүндөрүнө төмөнкү сунуштар берилди:  

- монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын так сактоо; 

- эттин баасын негизсиз жогорулатууну ооздуктоо боюнча бардык мүмкүн болгон иш-чараларды жүргүзүү;  

- рыноктогу кырдаал өзгөргөн учурда кызмат менен кайра байланышты жана алдын алуучу чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.


Онлайн кайрылуу