Эт базарындагы баалар турукташканга чейин баа мониторинги жана түшүндүрүү иш-чаралары күн сайын жүргүзүлүп турат

Новости
16-Сентябрь 2024-ж.
295

2024-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын (КР ЭКМга караштуу АЖСК) борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын, Ош шаарынын жана Кыргыз Республикасынын башка облустарынын базарларында, дүкөндөрүндө жана башка соода түйүндөрүндө эттин баасына мониторинг жүргүзүлөт.  Мониторингдин жүрүшүндө сатуучулар, соода түйүндөрүнүн ээлери жана ветеринардык-санитардык дарыгерлер арасында этке болгон баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын ченемдерин сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.  Бүгүнкү күндө мониторингдин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй кырдаал түзүлүүдө: - Бишкек шаарынын Ош базарында уйдун баасы – 600-630 сом/кг, койдун эти-510-560 сом/кг, “Орто-Сай” базарында уйдун баасы – 600-650 сом / кг, койдун эти-510-560 сом/кг,; - Ош шаарында уйдун баасы-600 сом/кг, койдун эти-620 сом / кг; -Ош облусунун Чон-Алай районундагы базарында уйдун баасы-550 сом/кг; - Талас шаарынын борбордук базарында уй эти – 490-520 сом/кг, кой эти-550-560 сом / кг; -Жалал-Абад шаарынын “Адилет” жана “Береке” базарларында уйдун баасы – 580-650 сом/кг, койдун эти-600-650 сом / кг; - Нарын шаарынын борбордук базарында уй жана кой этинин баасы-550-590 сом/кг. - Каракол шаарынын “Ак-Тилек” базарында уйдун баасы – 480-550 сом/кг, койдун эти-530-550 сом / кг; - Баткен шаарынын борбордук базарында уй эти –560-600 сом/кг, кой эти-600 сом/кг; - Чүй облусунун Кант шаарында уйдун эти – 550-650 сом/кг , кой эти-530-630 сом / кг; - Чүй облусунун Токмок шаарында уйдун эти – 550-600 сом/кг , кой эти-550-580 сом / кг; Белгилей кетсек, бүгүн, 2024-жылдын 16-сентябрында көптөгөн базарлар санитардык күнгө карата жабылган, ошондуктан мониторингде бардык сатуу түйүндөрү камтылган эмес. Бирок эртеңден баштап иш бардык соода түйүндөрүн камтуу менен улантылат. Эт базарындагы баалар турукташканга чейин АЖСК бааларына мониторинг жүргүзүү жана түшүндүрүү иш-чаралары күн сайын жүргүзүлүп турат.

Онлайн кайрылуу