«Жарнак жөнүндө» Мыйзамдан айып түрүндөгү администрациялык жоопкерчиликти алып салуу сунушталууда

Новости
02-Декабрь 2015-ж.
1956

Экономика министрлиги «Жарнак жөнүндө» Мыйзамдан айып түрүндөгү администрациялык жоопкерчиликти алып салууну сунуштоодо. Ошентип, «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде монополияга каршы республикалык орган жарнама берүүчүлөргө, жарнама чыгаруучуларга жана жарнама таратуучуларга жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талаптарын бузгандыгы үчүн эң аз эмгек акынын 200 жана 5000ге чейинки өлчөмүндө айып салууга укуктуу, бул Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин жоболоруна каршы келет.

Буга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)» мыйзам долбоору даярдалды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жарыяланды. http://www.gov.kg.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу