Кыргызстан менен Россия биргелешкен индустриалдык парк түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Новости
13-Сентябрь 2024-ж.
728

Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн Кыргыз-Орус форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен «Жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү инновациялык индустриалдык парк – Технопарк “Технополис “Химград” акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул Меморандумдун максаты – Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштү локализациялоого арналган биргелешкен кыргыз-орус индустриалдык же технологиялык паркты түзүү жана өнүктүрүү үчүн тараптардын өз ара кызматташуусун камсыз кылуу. Бул Меморандумдун алкагында төмөнкү маселелерди иштеп чыгуу пландаштырылууда: •  Кыргыз-Орус индустриалдык паркты түзүүнүн бирдиктүү ыкмасын жана жалпы принциптерин иштеп чыгуу; •  Кыргыз Республикасынын индустриалдык парктарында иштөө үчүн негизги артыкчылыктуу өнөр жай тармактарын аныктоо; •  индустриалдык же технологиялык паркты жайгаштыруу үчүн аянтты тандоо; •  Кыргыз Республикасынын аймагында индустриалдык же технологиялык паркты түзүү үчүн инвестицияларды тартуу маселелерин иштеп чыгуу; •  индустриалдык же технологиялык паркка жайгаштыруу үчүн резиденттерди издөө жана тартуу; •  индустриалдык же технологиялык парк объекттерин долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди уюштуруу; •  индустриалдык же технологиялык парктын ишин башкаруу боюнча иштерди уюштуруу. Ошондой эле, аталган кол коюлган Меморандумдун алкагында «Химград» ААК Россия Федерациясында жана башка өлкөлөрдө индустриалдык же технологиялык парктарды түзүү жана өнүктүрүү жаатындагы компетенцияларды эске алуу менен индустриалдык же технологиялык паркты түзүү долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине методологиялык жана практикалык колдоо көрсөтүүгө даяр.

Онлайн кайрылуу