Кыргызстанда индустриалдык жана технологиялык парктарды түзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо боюнча Жол картасына кол коюлду

Новости
13-Сентябрь 2024-ж.
860

Кыргыз-Россия форумунда Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргыз Республикасында индустриалдык жана технологиялык парктарды түзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо боюнча Жол картасына кол коюлду. Жол картасын кыргыз тараптан экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов жана Россия тараптан Өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Груздев кол коюшту. Бул Жол картасынын алкагында россиялык тараптын ушул сыяктуу өнөр жай объекттерин түзүү жана башкаруудагы тажрыйбасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында индустриалдык/технологиялык парктарды түзүү боюнча маселелерди иштеп чыгуу пландаштырылууда. Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди жана өнөр жай кооперациясын, экономиканын ар кандай тармактарында интеграцияны өнүктүрүүгө билдирилген линияны эске алуу менен Кыргыз Республикасы технологиялык жана индустриалдык парктарды түзүүгө кызыкдар жана колдойт. Чет өлкөлөрдүн жана Россия Федерациясынын тийиштүү тажрыйбасын талдоону көңүлгө алуу менен, технологиялык жана индустриалдык парктарды түзүү жана иштетүү жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо, Кыргызстанда укуктук механизмдерди, экономикалык жана социалдык шарттарды белгилөө максатында 2024-жылдын 12-июлунда № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында индустриалдык жана технологиялык парктарды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн, анын ичинде инновациялык технологиялардын экономикага трансферин камсыз кылуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, Кыргыз Республикасында илим сыйымдуу экономиканын негиздерин түптөө үчүн аларды түзүүнүн негизги этаптарын кошкондо натыйжалуу укуктук каражат.

Онлайн кайрылуу