Кыргызстан жана Россия: жаңы чындыктагы экономикалык кызматташтык

Новости
12-Сентябрь 2024-ж.
904

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев 2024-жылдын 12-сентябрында Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунун алкагында «ӨНҮГҮҮНҮН БАГЫТТАРЫ: ЖАҢЫ ЧЫНДЫКТАГЫ КЫРГЫЗ-ОРУС ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫГЫ» аттуу пленардык жыйынга катышты. Жыйындын негизги максаты өзгөрүп жаткан геосаясий жана экономикалык шарттарда Кыргызстан менен Россиянын учурдагы жана келечектеги экономикалык кызматташтык багыттарын талдоо жана талкуулоо болду.

Өз сөзүндө Данияр Амангельдиев экономикалык өсүүнүн негизги багыттарындагы олуттуу жетишкендиктерди баса белгиледи, алар инновациялык ыкмаларды жана колдоо механизмдерин киргизүүнүн аркасында жетишилди. Приоритеттүү багыттардын катарында ал экономикалык жана энергетикалык кызматташтыкты, ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, Канттагы Россиянын аскердик базасын жайгаштырууну, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, санариптештирүүнү, бизнеске колдоо көрсөтүү чараларын, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду сыяктуу эл аралык фонддордун катышуусун, инфраструктуралык жана логистикалык долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.

Министр ошондой эле өлкөлөр ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Россия-кыргыз мамилелери экономикалык, саясий, маданий жана социалдык байланыштарды камтыган стратегиялык өнөктөштүк болуп саналат. Жалпы тарыхка негизделген тарыхый мамилелер азыркы шарттарда дагы өнүгүп, бекемделип жатат», — деп билдирди Амангельдиев.

Ал биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү жана логистиканы жакшыртуу келечеги эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Бул багыттар экономикалык байланышты бекемдеп гана тим болбостон, Кыргызстандын жана Россиянын Борбор Азияда жана Евразия континентинде позицияларын чыңдоого жардам берет. Заманбап технологияларды киргизүү, инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик деңгээлдеги аракеттерди координациялоо транспорт коридорлорун, логистикалык системаларды жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана туруктуу өсүшкө өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу