Кыргызстан «Халал» продукциясын экспорттоону күчөтүп, Малайзияга соода миссияларын уюштурат

Новости
11-Сентябрь 2024-ж.
583

2024-жылдын 11-сентябрында КР ЭКМне караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору менен Малайзиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ильхам Туах Иллиас мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө соода, финансы жаатындагы негизги маселелер, ошондой эле тамак-аш азыктарын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.


Тараптар Кыргыз ишканаларынын Малайзияга соода миссияларын уюштуруу жана Куала-Лумпурдагы көргөзмөлөргө катышуу пландарын талкуулап, бул кадам кыргыз товарларынын малайзиялык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эки өлкөнүн бизнес байланышын бекемдей турганын белгилешти.


Мындан тышкары, малайзиялык тарап Малайзияда таанылган «Халал» стандарттары боюнча кыргыз ишканаларын сертификаттоо демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди, бул кыргыз продукциясын экспорттоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


Тараптар мындан аркы кызматташтыктын келечектүүлүгүнө ишенимин билдиришип, эки өлкөнүн экономикалык байланышын чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Малайзиянын Экспортту илгерилетүү агенттигинде (MATRADE) тажрыйба алмашуу жана стажировка өтүү боюнча макулдашууга жетишилди, бул кыргыз ишканаларына өз компетенцияларын жакшыртууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет.


Онлайн кайрылуу