2024-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жыл башынан бери экономикалык өсүштүн оң тенденциясынын сакталышын көрсөтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2024-жылдын январь – август айларында ички дүң продуктунун (мындан ары-ИДП) көлөмү 797,7 млрд сом суммасында түзүлдү жана реалдуу өсүү темпи 106,6% ды (2023 – жылдын январь-августунда 102,6 %) түздү.
Иш жүзүндө экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: курулушта өндүрүштүн көлөмү 39,2 % га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 5,4 %га, өнөр жайда 0,8 %га, айыл чарбасында 7,3 %га өстү.
Өнөр жайы. 2024-жылдын январь-август айларында өнөр жай ишканалары тарабынан жалпы суммасы 330,5 млрд сомго дүң продукция өндүрүлүп, өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,7 %га көбөйгөн (2023-жылдын январь-августунда 0,6 %га төмөндөө байкалган).
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 2023-жылдын январь - августуна сыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн көлөмүнүн 1,7 эсеге, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык иш - аракетти 36,3 %га, тамак - аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн 19,6 %га, фармацевтикалык продукциялардын 17,9 %га, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн 10,1 %га, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүүнүн 8,1 %га көбөйүшү менен камсыз кылынды.
Ошону менен бирге негизги металлдарды өндүрүүнүн 12,9 %га, химиялык продукциялардын 6,4 %га, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн 2,8 %га төмөндөшү белгиленди.
Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоодо 2024-жылдын январь-августунда өндүрүштүн көлөмү 38,2 млрд сомду түздү жана электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 14,2 %га өсүшүнүн эсебинен 12,8 %га өстү.
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 20,4 %га көбөйүшү негизинен сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн 4,8 %га өсүшү менен шартталган.
Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 0,1 пайыздык пунктту түзгөн, ал эми ИДП структурасында өнөр жайынын үлүшү 16,8 %ды түздү.
Айыл чарба. 2024-жылдын январь-август айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 222,8 млрд сом суммасында өндүрүлүп, 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 107,3 %ды түздү.
Айыл чарба продукциясынын көлөмүнүн өсүшү өсүмдүк өстүрүү продукциясын өндүрүүнү 14,0 %га көбөйтүү менен камсыз болду, мында буудайды өндүрүү 57,1 %га, арпаны 1,8 эсеге, күрүчтү 6,7 %га, картошканы 12,7 %га, мөмө – жемиштерди 16,1 %га, бакча өсүмдүктөрүн 17,0 %га өсүүсүнүн эсебинен болду жана мал чарба продукцияларынын көлөмү 2,5 %га көбөйүшү жумуртка өндүрүүнү 10,4 %га, сүттү 2,5 %га жана этти 2,1 %га көбөйтүүнүн эсебинен болду.
Өсүмдүк өстүрүүдөгү жогорку көрсөткүчтөр жагымдуу климаттык шарттардын жана бул тармакты өнүктүрүү үчүн көрүлүп жаткан иш-чаралардын эсебинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы менен шартталган.
Азыркы учурда республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 443,0 миң га же 74,0 % аянтта жүргүзүлүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80,2 миң га көп жыйналды.
Буудай 223,2 миң га аянтта (92,8%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 52,6 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 29,5 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,7 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында түшүмдүүлүк 30,0-33 ц/га түзүүдө. Дүң жыйым 659,4 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 252,2 миң тоннага көп.
Арпа 204,7 миң га аянтта (81,6%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 27,5 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 25,9 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,6 ц/га жогору. Дүң жыйым 529,9 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 135,7 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29 ц/га жетүүдө.
Жүгөрү (дандык) жалпы 15,2 миң га аянтта (14,2%) жыйналды. Түшүмдүүлүк 76,4 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,8 ц/га көп. Дүң жыйым 116,1 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 5,8 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 85,6 ц/га.
Ал эми, картошканын 19 миң га (28,7%) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 169,7 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,8 ц/га жогору. Дүң жыйым 323,4 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 30,9 миң тоннага көп болду. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 182-184 ц/га түзүүдө.
Жашылчанын дүң жыйымы 588,3 миң тонна болуп, бул 2020-жылга салыштырмалуу 95,9 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 212,4 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 46,9 миң тоннага жогору болду. Мөмө-жемиштер боюнча 43,2 миң тонна жыйналып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,1 миң тоннага көп.
Айыл чарба өндүрүшү тарабынан ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 0,6 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат. ИДПны өндүрүүнүн түзүмүндө айыл чарбасынын салыштырма салмагы 8,8 %ды түздү.
Курулуш. 2024-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 126,9 млрд сомду түзүп, 59,3 %га өстү (2023-жылдын январь-августунда 12,9 %га өскөн).
2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү каржылоонун ички булактарынын (1,5 эсеге), ошондой эле тышкы булактардын (2,0 эсеге) өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу объекттеринин курулушунда, ошондой эле турак жай курулушунда белгиленди.
2024-жылдын январь-августунда инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 84 %дан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, иштетүү өндүрүшү, билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.
Экономиканы капиталдаштыруунун негизинде курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 119,5 млрд сомду түздү жана 39,2 %га өстү (2023-жылдын январь-августунда 12,4 %га өскөн).
Курулуш сектору тарабынан ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 1,9 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ИДПны өндүрүүнүн түзүмүндөгү салыштырма салмагы 6,2 %ды түздү.
Кызмат көрсөтүү сектору. 2024-жылдын январь-август айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүү темпи мурунку айларга салыштырмалуу басаңдады (жылдын башынан бери өсүү темпи орточо 8,5 %ды түзгөн). 2024-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча дүң продукциянын көлөмү 628,6 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,8 %га өстү.
Дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу өсүшү негизинен чекене соода көлөмүнүн 9,9 %га өсүшү менен камсыз болду, ал эми дүң соода көлөмү 1,8 % га өстү.
Транспорттук ишмердүүлүктүн жана жүктөрдү сактоонун дүң көлөмү 56,3 млрд сомду түзүп, 4,8 %га көбөйгөн.
Мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын дүң көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 22,8 млрд сомду түзүп, 19,9 %га өстү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 2,8 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 49,5 %ды түздү.
2024-жылы Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстердин басаңдашы байкалды. Керектөө бааларынын индекси 102,0 %ды түздү (2024-жылдын август айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жана 2 эседен ашык басаңдады, анткени 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 105,5 %ды түзгөн.
Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-августу 2023-жылдын январь-августуна карата) 104,8 %ды түздү.
Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 7,6 %га, азык-түлүк эмес товарларга 2,8 %га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 4,4 %га жогорулады. Мында баалар тескерисинче тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 0,8 %га төмөндөгөн.
Бул мезгилде жаңы бышкан жемиштердин (23,7 %га), жаңы бышкан жашылчалардын (15,7 %га), гречка акшагынын (11,3 %га), куюлуп сатылуучу сүттүн (11,0 %га), тоок жумурткасынын (9,2 %га), уйдун боорунун (3,9 %га), биринчи сорттогу ундун (2,0 %га) жана өсүмдүк майынын (1,7 %га) бааларынын эң көп төмөндөшү катталган. Муну менен катар, картошканын жана туздун (6,6 %га), майлуулугу аз быштактын (5,4 %га), уй этинин (5,0 %га), алкоголсуз суусундуктардын (4,6 %га), орто дандуу күрүчтүн (4,6 %га), кой этинин (4,2 %га), жогорку сорттогу ундун (3,8 %га), сырдын (3,2 %га), майлуулугу 2,5-3,2% болгон пастеризацияланган сүттүн (3,2 %га), канттын (2,7 %га) балыктын (1,6 %га) жана ак каймак майынын (1,2 %га) бааларынын жогорулашы белгиленди.
Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-июль айларында 35 621 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 5,8 %га өстү.
2024-жылдын январь-июлунда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2023-жылдын январь-июлуна салыштырганда экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.
Алардын эң олуттуу жогорулашы башка тейлөө ишмердиги (34,0 %га), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (29,3 %га), курулуш (26,8 %га), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу (24,6 %га), пайдалуу кендерди казуу (24,0 %га), кыймылсыз мүлк операциялары (22,1 %га), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (20,4 %га), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (19,8 %га), ошондой эле транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (16,6 %га) чөйрөлөрүндө байкалды.
Тышкы жана өз ара соода. 2024-жылдын январь-июль айларында тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 8,8 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,7 %га өстү.
2024-жылдын январь-июль айларында 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү импорттук түшүүлөрдүн 6,7 %га көбөйүшү менен камсыз кылынган жана ал 7,2 млрд долларды түзгөн. Ал эми КМШ өлкөлөрүнө товарлардын экспортунун 16,9 %га төмөндөшүнүн эсебинен экспорттук жеткирүүлөр 3,7 %га кыскарган.
Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 18,2 %ды, импорт 81,8 %ды түздү.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июлунда 2,4 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 8,7 %га төмөндөдү. Республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,3 %) жана Казакстанга (26,8 %) туура келди. Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 6,4 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 10,6 %га өстү.