ЕАЭБ алкагында “Синтетикалык жуучу каражаттардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин долбоору иштелип чыкты

Новости
05-Сентябрь 2024-ж.
978

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча Консультативдик комитеттин 56-отурумунун алкагында ЕАЭБтин “Синтетикалык жуучу каражаттардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин долбоору каралып жаткандыгын маалымдайт. 


Долбоордо синтетикалык жуугуч каражаттарга (кир жуугуч каражаттар) жана тиричилик химиясынын товарларына (тазалоочу жана жуугуч каражаттар, идиш жуугуч каражаттар ж.б.) коопсуздук талаптары белгиленет, классификация жана кооптуулук критерийлери, эскертүүчү маркалоо жана синтетикалык жуучу каражаттардын жана тиричилик химиясынын коопсуздугунун паспорту каралган, ошондой эле шайкештикти баалоо формалары белгиленген. 


Синтетикалык жуучу каражаттардын жана тиричилик химиясынын товарларынын өндүрүүчүлөрү жана импортерлору аталган техникалык регламенттин долбоорун кабыл алууда милдеттүү боло турган жаңы талаптарга көңүл бурушу керек.

            



Онлайн кайрылуу