Кыргыз Республикасындагы Эл аралык бизнес миссиясы: ишкер кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадамдар

Новости
04-Сентябрь 2024-ж.
1093

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Орусиянын ишкер жана мамлекеттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирген эл аралык бизнес-миссия өтүүдө. Иш-чараны КРнын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов саламдашуу сөзү менен ачты.

Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты талкуулоо жана өнүктүрүү үчүн негизги аянтча болуп саналат. 

«Кыргыз Республикасындагы Эл аралык бизнес-миссия тажрыйба алмашуу жана кыргызстандык жана орусиялык жаш ишкерлердин ортосунда жаңы ишкер байланыштарды түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи Чоро Сейитов.

4-сентябрда болуп өткөн иш-чаранын жүрүшүндө, катышуучулар өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн келечегин талкуулашып, Кыргыз Республикасынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн сунушташты. Ошондой эле В2В жолугушууларды өткөрүштү. Ал эми министрликтердин, соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү жана ишкерлер коомчулугунун ѳкүлдѳрү ѳз маалыматтарын беришти.

5-сентябрда ѳтүүчү миссиянын экинчи күнүнүн программасы өнөр жай объектилерине жана коворкинг-мейкиндиктерге барууну камтыйт. Бул катышуучуларга Кыргызстандагы инвестициялар жана кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул иш-чара эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөдөгү маанилүү кадам жана биргелешкен долбоорлорду мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.

Онлайн кайрылуу