Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жүк транспортун башкаруунун электрондук системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор башталды

Новости
02-Сентябрь 2024-ж.
721

«Кызыл-Кыя-Автодорожный» өткөрмө пунктунда жүк транспортунун электрондук кезек башкаруу системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор башталат. Бул долбоор трансчектик сооданы колдоого жана логистикалык процесстерди оптималдаштырууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202-Токтому менен бекитилген «2022-2024-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү» концепциясынын алкагында ишке ашырылууда.

Электрондук кезек системасынын киргизилиши «Кызыл-Кыя-Автодорожный» өткөрмө пунктунда чек араны кескин кыскартууга, логистика чыгымдарын төмөндөтүүгө жана тышкы соода катышуучулары үчүн шарттарды жакшыртууга жардам берет. Жаңы система соода операцияларын жеңилдетип, өткөрмө пунктунун ишинин натыйжалуулугун арттырат деп күтүлүүдө.

2024-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын жана Эл аралык соода борборунун өкүлдөрү «Кызыл-Кыя-Автодорожный» өткөрмө пунктуна барып, eQMS кезектерди башкаруу электрондук тутумду ишке киргизүү боюнча жардам көрсөттү. Иш-чаранын алкагында кызыкдар тараптар ортосундагы диалогду чыңдоо жана жаңы системага өтүүнү жеңилдетүү максатында бажы жана чек ара кызматынын кызматкерлерине электрондук система менен тааныштыруучу семинар өткөрүлдү. Ошондой эле электрондук система орнотулчу жана иштетилчү жайлардын инспекциясы жана баалоосу жүргүзүлдү.

Долбоор ушул жылдын 1-ноябрынан 15-декабрына чейин пилоттук режимде иштейт.

Долбоор Европалык Союз тарабынан каржыланган Эл аралык соода борборунун Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул долбоордун негизги максаты – чек ара өткөрмө пункттарындагы процесстерди жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды киргизүү жана узун кезектер менен жүк транспортунун кечигүүлөрүн жоюу. Бул маселелер региондор аралык соодада, айрыкча кичи жана орто бизнес үчүн чоң тоскоолдуктарды жаратууда.


 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу