#100жылдыкка100ишкана #100долбоор

Новости
31-Август 2024-ж.
91

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен, 30-августта, Чүй облусунун Кемин районундагы «Терек-Таш» клинкер өндүрүүчү заводун ишке киргизүү аземи өттү.

Бир эле учурда онлайн форматта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында 40 өнөр жай жана 60 социалдык объектинин ачылышы болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкө жетекчилигинин бюджетти көбөйтүү жана экономикалык шарттарды түзүү аракеттери оң натыйжаларды бергенин баса белгиледи.

Салык мыйзамдары жеңилдетилип, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Бул аракеттердин акыбети кайтып, чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын камсыз кылды.

«Көптөгөн жылдар бою ар кандай себептер менен ишке ашпай келген «Камбар-Ата-1» ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон «Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. Буюрса, аталган инфратүзүмдүк долбоорлор өлкөнүн өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Терек-Таш» цемент чыгаруучу заводдун ачылышы менен катар эле Кадамжайда «Исфайрам-1», Ноокатта «Курак-Тектир» чакан ГЭСтери, Ат-Башыда «Кара-Булак» соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында «Миң-Булак» курулуш материалдар ишканасы, Жайылда «Жунда» мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабриканын жана башка ушуга окшогон бир катар өндүрүш ишканалардын бир учурда ачылышына күбө болобуз. Ошондой эле жаңы мектептерди, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачып, келечек ээлери болгон балдарыбызды кубандырганы турабыз», - деди Президент.

«Терек-Таш» ЖЧК ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,2 млн.тонна клинкерди түзөт. Инвестициянын көлөмү 160 млн АКШ долларын түздү. Толук ишке киргизилгенде 500 адам жумуш орундары менен камсыз болот.

Завод эң заманбап технологиялар менен курулган. Экологиялык жана санитардык ченемдерди сактоо максатында өндүрүштүк линиянын бардык объектилери импульстук үйлөтүлүүчү чыпкалар системасы менен камсыз кылынат.

Цемент өндүрүү үчүн сырьелук базанын дээрлик бардык көлөмү ата мекендик болот.

Иш-чаранын аягында Мамлекет башчысы цемент заводунун өндүрүштүк линиясы менен таанышып, өндүрүштүн жаңы технологияларына өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле ишкананын жетекчилиги менен өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү боюнча пландарды жана өлкөнүн курулуш тармагы үчүн ишкананын маанисин талкуулады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу