Кыргызстан менен Ооганстан товар жүгүртүүнү көбөйтүү ниетинде

Новости
29-Август 2024-ж.
301

2024-жылдын 29-августунда Өзбекстан Республикасынын Термез шаарында “Термез” эл аралык соода борборунун расмий ачылышынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизийдин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тоо-кен, нефтини кайра иштетүү жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү потенциалын жогорулатуу ниетин билдиришти. Жолугушууда ошондой эле Ооганстандын өнөр жай жана соода министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучунун Кыргызстанга боло турган сапары талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу