Түркиянын ири ишканасы Кыргызстанга инвестиция салууга даярданууда

Новости
29-Август 2024-ж.
341

2024-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркиянын курулуш өнөр жай тармагындагы эң алдыңкы компаниялардын бири «Өздоган Групп» курулуш компаниясынын ээси Али Өздоган жана анын командасы менен соода өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде жолугушту.


Жолугушуунун негизги өзөгү «Өздоган Групп» компаниясы курулуш, энергетика жана туризм тармагында Кыргызстанга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо болду.

Чынгыз Токтобеков инвесторлор үчүн даярдалган Кыргызстандын потенциалы тууралуу презентация кылып, жакындан тааныштырды. Ошондой эле, жолугушууда Кыргызстандын ылдам өнүгүп жаткан курулуш, энергетика жана туризм секторлору каралып, «Өздоган Групп» компаниясынын өлкө экономикасына кошо ала турган салымдары кеңири талкууланды. 


Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди чыңдоо жана стратегиялык тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу да четте калган жок, «Өздоган Групп» компаниясынын күчтүү инфраструктурасы жана тажрыйбасы менен Кыргызстанда маанилүү долбоорлорду ишке ашыра ала тургандыгы баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Өздоган Групп» компаниясынын ээси Али Өздоган Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирип, инвестициялык климат менен жакындан таанышуу үчүн жана сүйлөшүүлөрдү тереңдетүү максатында ушул жылдын сентябрь-октябрь айларында Кыргызстанга келүүнү пландаштырды. 


Маалымдама: 

«Өздоган Групп» компаниясы 500 млн метр кубдан ашык жер кыртышын тазалоо иштерин аткарган Түркиянын бул тармактагы эң чоң компаниясы катары эсептелет. Азыркы тапта компания 3500 кишини иш менен камсыздап келет. Ал эми жылдык кирешеси орточо эсеп менен 500.000.000 долларды түзөт.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу