Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Новости
29-Август 2024-ж.
438

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары!

Сиздерди 31-август күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө арналган ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине чакырабыз!

Көргөзмө саат 11:00дөн 16:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт. Бул иш-чаранын алкагында тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жайы жана автоөндүрүш тармактарынын продукциялары көрсөтүлөт.

Көргөзмө-жарманкеде сиздер 100дөн ашуун ата мекендик компаниянын өкүлдөрү жана алардын продукциялары менен таанышып, жергиликтүү ишканалардын потенциалына баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуздар. Сиздердин катышууңуздар жана колдооңуздар биздин өндүрүшчүлөр үчүн өтө маанилүү, себеби бул өлкөбүздүн экономикалык кубатын бекемдөөгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзөт.

Жарманкеде ар кандай товарларды көрүп жана өндүрүүчүлөр, жергиликтүү бизнес менен жакындан таанышып, көңүлдүү убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар! 3

1-август күнү Турдакун Усубалиев атындагы аянтка келип, ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүздү колдоп кетиңиздер!


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу