Өнөктөштүктү бекемдөө: Данияр Амангельдиев менен Түркмөнстандын Элчиси негизги демилгелерди талкуулашты

Новости
28-Август 2024-ж.
470

2024-жылдын 27-августунда, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиевдин Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нура Голли менен жолугушуусу болуп өттү. Данияр Амангельдиев акыркы мезгилде эки өлкө ортосунда ийгиликтүү өткөрүлгөн бир катар маанилүү иш-чараларды белгиледи. Ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Эки өлкө ортосундагы эл аралык жүк ташуу жана КЭРнан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу жана андан ары Түркмөнстанга Каспийге чыгуу менен транспорттук коридорду ишке киргизүү жаатында ийгиликтүү кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул аймактын транзиттик жана транспорттук-логистикалык потенциалын бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет. Аны менен бирге, өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын келечегин белгиледи. Нура Голлиев энергетика жана айыл чарба тармагындагы ийгиликтүү кызматташтыкты, өз ара соода көлөмүнүн өсүшүнүн оң динамикасын баса билдирип, Ашхабад шаарында инвестициялык форум өтө тургандыгын маалымдады. Тараптар 2024-жылдын 24-25-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 6-отурумунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун башка актуалдуу маселелери талкууланып, эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн мындан ары ырааттуу өнүгүүсүнө ишеним билдирилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу