Кыргыз картошкасы өзбек супермаркеттеринде: тараптар келишимдерди түзүүгө даярданууда

Новости
26-Август 2024-ж.
930

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандагы ири супермаркеттеринин бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бизнес-диалогдун жыйынтыктоочу этабына келди, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы арада тиешелүү келишимдерди түзүүгө ниеттенүүдө.

Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков Кыргызстандан картөшкөнүн 5 сортун (пикассо, джелли, актриса, санибель жана каптива) үлгү катары  алып келип, импорттук процедураларды жүргүзүүдө жана кыргызстандык жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүүдө керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Алдын ала жумасына 60 тоннадан 3 жолу жеткирүү макулдашылды. Эки тарап тең узак мөөнөттүү өнөктөштүккө жана сезондук жеткирүүлөргө ниеттенишүүдө.

Кыргызстандан Өзбекстанга картошка жеткирүү Кыргызстанда картошка өстүрүү үчүн ыңгайлуу табигый шарттарды жана Өзбекстанда бул продуктка болгон талапты эске алганда, эң кызыктуу бизнес мүмкүнчүлүктөрдүн бири.

Бул кызыкчылыктын өз ара көрүнүшү эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн келечекти ачат.



Онлайн кайрылуу