Кыргызстан менен ОПЕК Фонду Жеке сектордо кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюлду

Новости
26-Август 2024-ж.
1253

22-августта Кыргыз Республикасы жана ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду онлайн режимде Жеке сектордо кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшту.

Бул документ ОПЕК фонду менен жеке сектордогу долбоорлорду каржылоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү үчүн укуктук негиздерди белгилейт.

Анын ичинде:

  • Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн насыяларды жана/же кепилдиктерди берүү.
  • Кабыл алуучу өлкөдө катталган компаниялардын акцияларын сатып алуу.
  • Финансылык каражаттарды карызга алуу, сактоо, пайдалануу жана тескөө.
  • Эсептерди каалаган валютада жүргүзүү.

ОПЕК фонду долбоорду жеке демилгелерди каржылоо жөнүндө чечимди өз баалоосунун негизинде кабыл алат.

Анын Эл аралык өнүктүрүү фонду өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө төмөнкү формаларда колдоо көрсөтүп, көп тараптуу жардамдын бир моделин билдирет:

1.         Мамлекеттик долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын каржылоо.

2.         Төлөм балансын колдоо

3.         Жеке секторду биргелешип каржылоо.

ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду менен окшош мүнөздөгү алкактык келишимдерге Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөр кол коюшкан. Каржылоо шарттары тобокелдиктерге жана рыноктук факторлорго жараша өзгөрүлүп турат жана ар бир долбоор үчүн 1,5% дан баштап өзүнчө белгиленет.

Көп тараптуу уюмдардан айырмаланып, ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонду жалпы кызыкчылыктары жана максаттары менен Бириккен өлкөлөрдүн тобунун куралы болуп саналат. Бул фонд өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саясатында маанилүү роль ойноп, өз ишмердүүлүгүн регионалдык кызматташуу принциптерине негиздейт.

Маалымдама: Бүгүнкү күндө ОПЕКке 11 өлкө мүчө. Уюмдун негиздөөчү өлкөлөрү: Венесуэла, Иран, Ирак, Кувейт жана Сауд Арабиясы жана ОПЕКтин толук мүчөлөрү: Катар, Ливия, Бириккен Араб Эмираттары, Алжир, Нигерия жана Ангола.

Азыркы учурда, ОПЕКке мүчө өлкөлөр үлүшү: дүйнөлүк мунайдын 80% дан ашыгын, дүйнөлүк өндүрүштүн 40% жана чийки мунайдын дүйнөлүк экспортунун 60% дан ашыгын түзөт.

Белгилей кетсек, фонд 35 жылдан бери өнүгүп келе жаткан өлкөлөр туш болгон жаңы көйгөйлөргө жана чакырыктарга жооп берүү менен өнүгүп келе жатат. Ошентип, 1998-жылы фонддун алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жеке секторду өнүктүрүүнү каржылоо үчүн атайын финансылык структура түзүлгөн.

Онлайн кайрылуу