15-сентябрдан тартып КР аймагында 90 календардык күнгө көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Новости
26-Август 2024-ж.
991

Көмүргө баанын өсүшүнө жол бербөө, калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын «Баа түзүү жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен 2024-жылдын 15-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааларды белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтому менен бекитилген социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрөт.

2024 жылдын 19 августундагы №78  Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө приказы

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу