Кыргызстан Анталияга айыл чарба, туризм жана соода тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады

Новости
20-Август 2024-ж.
1676

2024-жылдын 15-августунда Анталия шаарында (Түркия Республикасы) Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте Анталия Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Хакан Пакалын жана Палатанын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында уюштурулду. 


Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүү, инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды. Анталия Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен айыл чарба, туризм жана соода тармагында иштешүүгө басым жасап, Кыргызстандын инвесторлорго болгон мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берилди.


Соода өкүлү Ч. Токтобеков айыл чарба жаатында тамчылатып сугаруу системасын Кыргызстанга жайылтуу максатында тажрыйба алмашуу программасын уюштурууну сунуштады. 


Жолугушуунун жыйынтыгында Анталия Соода-өнөр жай палатасы менен Кыргызстандын соода өкүлү экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча биргелешип иш алып баруу чечимине келишти. Ошол менен бирге 23-24-сентябрь айында   Бишкек шаарында өтө турчу бизнес-форумуна Анталия Соода-өнөр жай палатасынын жамаатын катышууга чакырды.


Бул жолугушуу Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү кадам катары бааланды.

Онлайн кайрылуу