Мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу максатында жер участокторун алмашуу маселелери боюнча

Новости
15-Август 2024-ж.
2004

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан 2022-жылдын 5-августунда “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 84 Мыйзамга кол коюлган. 

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Мыйзамына мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартибин жөнгө салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзам алдындагы актыларында алмашуу келишимин түзүү жолу менен компенсация үчүн жер тилкелери түрүндөгү мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу маселеси жөнгө салынбагандыгын белгилейбиз.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2024-жылдын                             9-августунда № 466 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому кабыл алынган.

Аталган Жобо мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участогун жеке жана юридикалык жактарга таандык жер участогуна жана/же мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасы үчүн товарга алмаштыруунун тартибин жана шарттарын аныктайт.

Ошентип, жер тилкелерин алмашууну демилгелөө боюнча ведомстволор аралык комиссиялар түзүлөт.

Конкреттүү жер участокторун алмаштыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин макулдугу менен ишке ашырылат.


Онлайн кайрылуу