Ѳрүктү өндүрүү жана кайра иштетүүчү тармакка инвестицияларды тартуу даярдыктары кызуу жүрүүдѳ

Новости
13-Август 2024-ж.
2112

Эске сала кетсек, ушул жылдын июль айында Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чингиз Токтобеков «Vesta» фабрикасынын ээси Хакан Четин менен жолугушуп, таанышуу учурунда соода өкүлү Баткен шаарында ушундай эле заводдуу курууну сунуштады жана Баткен менен Ысык-Көл облустарында өндүрүлгөн өрүктү кайра иштетүүгө жана эл аралык рынокко чыгарууга кызыкдар экендигин билдирген.


8-августта Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү ѳкүлүнүн кеңсесинде Чингиз Токтобековдун фабриканын ээси Хакан Четин менен кезектеги жолугушуусу ѳтүп, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо, ошондой эле инвестиция салуучу тармактын, анын ичинде ѳрүктү өндүрүү жана аны кайра иштетүү потенциалы талкууланды. 


Жолугушууда «Vesta» фабрикасынын өндүрүштүк кубаттуулугунан баштап, жергиликтүү дыйкандарга көрсөтүлө турган колдоолорго чейин көптөгөн деталдар каралды. Жаңы ишканада кыргызстандык дыйкандардын эмгегин дүйнөлүк рынокко алып чыгуучу алдыңкы технологиялар болоору жана бул фабрика бир канча түрдөгү жашылча-жемиштерди кургатып, кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берээри пландаштырылды.


Чингиз Токтобеков Кыргызстандын Баткен жана Ысык-Көл облустарында өрүктү жыйноо жана кайра иштетүү боюнча сунушталып жаткан инвестициялык стимулдарга кеңири токтолуп, «Vesta» тарабынан бул долбоорлорду ишке ашыруу, аймакка чоң кошумча нарк берээрин баса белгиледи.


Жолугушуунун жыйынтыгында Хакан Четин октябрь айында Кыргызстанга келип, аймактагы өрүк жана өрүк бактарын жеринде көрүп изилдөөнү туура көрдү.

«Vesta» фабрикасынын бул кадамы Кыргызстанды дүйнөлүк мөмө-жемиш рыногунда күчтүү абалга келтирип, ошону менен бирге эл аралык аренада жергиликтүү фермерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Бул инвестиция аймак үчүн экономикалык гана эмес, социалдык жана технологиялык бурулуш болоору күтүлүүдө.

Онлайн кайрылуу